Меню
Эл-Сөздүк

Саясий башбаанек укугу

САЯСИЙ БАШБААНЕК УКУГУ – заманбап демократиялык мамлекеттердин конституциялары жана мыйзамдары чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берүүчү өзгөчө жеке укук. С. б. у. эгер чет өлкөлүктү өз мекенинде саясий, диний, илимий жана ошондой негиздер боюнча куугунтукка алып жатышса, анын белгисиз мезгилдерге чейин ошол өлкөнүн аймагында кала берүүсүнө мүмкүнчүлүк берилгенинде турат. Башкалка берүү менен мамлекет өзүнө ал кишини куугунтукка алып жаткан мамлекетке өткөрүп бербөө милдеттенмесин алат. С. б. у-гун берүү автоматтык түрдө жарандык берүүнү шарттабайт. КР конституциялык мыйзамдарында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга адам укугу бузулган учурларда С. б. у-гун берүү каралган.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: